Бүгүн, 25-ноябрда Ош шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин «Ата жөнүндө баян» аттуу китебинин бет ачары болду.
Чыгарма белгилүү жазуучу, казак адабиятындагы детектив жанрынын негиздөөчүсү Кемел Тоқаевдин өмүр жолуна арналган. Автор атасынын кыйынчылыкка толгон балалык чагы, анын майдандагы жаш кези жана согуштан кийинки чыгармачылык жолу тууралуу баяндап берет.
Китептин бет ачарына Ош мамлекеттик университетинин тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров, Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева баштаган жамаат катышты. Ага улай эле жамаат оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, казак эл акыны Абай Кунанбаевдин ысымы ыйгарылган көчөнүн ачылышына да күбө болушту. Мында акындын эстелиги жана музейи курулуп пайдаланууга берилди.