25-ноябрда ОшМУнун Тарых-юридика институтунда акыз-келиндерге карата зомбулукту алдын алууга жана жоюуга багытталган “Зомбулукка актоо жок!” темасында тегерек стол уюштурулду.
Иш-чара 16 күндүк глобалдык акциянын алкагында өтүп, анда студенттер теманын алкагында баяндамаларды жасашты. Ошондой эле видеороликтер көрсөтүлүп, гендердик стереотиптерди чагылдырган интерактивдүү оюндар ойнотулду. Аны менен катар эле тема боюнча викторина, зомбулукка каршы ураандар менен флешмоб орун алды.
Тегерек столго тиешелүү тармактардан адис-коноктор чакырылып, гендердик зомбулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттери тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле студенттер, окутуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.
Иш-чара жаштар арасында зомбулуктун кайсы түрү болбосун кабыл алынгыс экенин жана ага эч кандай актоо болбошу керектигин түшүнүүнү бекемдөө максатында демилгеленди. Уюштуруучу топ — Жарандык укук жана процесси кафедрасынын окутуучулары