22-ноябрь – Психологдор күнүнө карата ОшМУга караштуу Педагогика, искусство жана журналистика институтунун психология кафедрасы “Психология жумалыгын” өткөрдү.
Иш-чаранын алгачкы күнүндө адистиктин 1-курстары катышуучуларга социалдык сурамжылоолордун жыйынтыктарын тааныштырды. Ошондой эле психологиянын адам жашоосундагы ролу жана анын күнүмдүк турмушка тийгизген таасири тууралуу маалымат беришти.
Ал эми экинчи күнүн 2-курстун студенттери улантты. Анда пайдалуу психологиялык маалыматтарды камтыган мотивациялык, өнүгүү багытындагы тренингдерди өтүп беришти.
Жумалыктын үчүнчү күнү “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз” аталышы менен өттү. Мында студенттер жана окутуучулар арасында зомбулукту алдын алуу, коопсуз чөйрөнү түзүү маселелери талкууланды.
Төртүнчү күнүндө 4-курстун студенттери институттун “Мектепке чейинки, башталгыч класстын педагогикасы жана психологиясы” адистигинде окуган студенттерге арт-терапия боюнча практикалык тренинг өткөрүштү. Окутуу окуучулардын чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, эмоционалдык абалды жөнгө салууга багытталды.
Жыйынтыгында иш-чарага салым кошкон окутуучулар, активдүү катышкан студенттер грамота жана дипломдор менен сыйланышты. Жумалык 17-ноябрдан 22-ноябрга чейин уланып, студенттердин кесиптик даярдыгын чыңдоого, психология боюнча практикалык жана теориялык билимдерин кеңейтүүгө багытталды.