ОшМУнун кызматкерлери “Туруктуу өнүгүү үчүн дизайндык ой жүгүртүү” окутуусуна катышууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кызматкерлери “Туруктуу өнүгүү үчүн дизайндык ой жүгүртүү” окутуусуна катышууда

Image

Ош мамлекеттик университетинин проректорлору, структура башчылары, директорлор жана декандар «Туруктуу өнүгүү үчүн дизайндык ой жүгүртүү: жогорку окуу жайында билим берүү чечимдерин долбоорлоо» аталышындагы эки күндүк окутууга катышууда.

Окутуу алты модулду камтып, теориялык жана практикалык сабактар менен айкалыштырылган. Анда катышуучулар “жашыл университет” моделин, туруктуу өнүгүү принциптерин интеграциялоону, инновациялык билим берүү чечимдерин долбоорлоону жана командалык ишти натыйжалуу уюштурууну үйрөнүшөт.  

Ал эми практикалык сабактарда креативдүү идеяларды жаратуу, моделдөө, прототип түзүү жана апробациялоо процесстерин, дизайндык ой жүгүртүүнүн этаптарын, методдорун, прототиптөө, тестирлөө ыкмаларын өздөштүрүшөт. 

Окутуу жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын дизайндык ой жүгүртүү ыкмаларын практикада колдоно билүүсүн камсыз кылуу, аларды билим берүү процессине интеграциялоо жана туруктуу өнүгүү принциптерине негизделген инновациялык педагогикалык чечимдерди иштеп чыгууга багытталган.

Семинарды Бишкектеги Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары Калыйбүбү Жунушалиева жана Дамира Шаршенова өтүштү. 

 

 

Фото галерея