Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун дене тарбия бөлүмүнүн студенти Айсулуу Бегмамат кызы Душанбе шаарында өткөн дзюдо боюнча Азия кубогунда алтын медаль тагынды.
Ал 70 киллограмм салмакта финалда өзбекстандык спортчуну 1:0 эсебинде уткан.
Мелдеш 20-23-ноябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикистан, Азербайжан жана Казакстандын спортчулары катышты.
Айсулуу Бегмамат кызы — Кыргызстандын келечектүү спортчуларынын бири. Ал дзюдо боюнча спорт чебери. Ошондой эле самбодон спорт чеберине талапкер, Азия кубогунун чемпиону. Кыргызстандын дзюдо кубогунун эки жолку чемпиону жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болгон.