Студенттер арасында интеллектуалдык сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды 

Башкы Жаңылыктар

Студенттер арасында интеллектуалдык сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды 

Image

Ош мамлекеттик университетинин экономика, бизнес жана менеджмент институтунун студенттери арасында “Акыл таймашы-2025” интеллектуалдык сынагы өткөрүлдү. Ага 30га жакын команда катышты.

Катышуучулар алгач блиц-тапшырмадан өтүп, жыйынтыгында эң күчтүү сегиз команда үчүнчү финалдык турга жолдомо алышты. Мында алар логикалык жана критикалык ой жүгүртүүсүн текшерген суроолорго жооп беришти. Жыйынтыгында жогорку упайларды жыйнаган командалар төмөнкүдөй орундарга ээ болушту:

  • 1-орун — «Бизнес башкаруу» профили;
  • 2-орун — «Социалдык иш» профили;
  • 3-орун — «Финансы жана кредит» профили.

Акыл таймашын институттун Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ кафедрасы демилгелеген. Уюштуруучулар таймашты жыл сайын өтүүчү салттуу иш чарага айлантууну пландап жатышканын билдирди. Келерки жылы дагы да кызыктуу жана масштабдуу форматта өткөрүүнү максат кылышууда.

 

 

Фото галерея