Илимий практикалык семинар кечээ, 27-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда өттү.
Окутууда эл аралык коомчулуктун алдында турган жакынкы 15 жылда теңсиздик менен жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу жана дүйнөнү куруу, мында урпактардын татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17 максаттын жана 169 милдеттин комплекси боюнча маалыматтар берилди.
Семинарды Бишкектеги Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары Калыйбүбү Жунушалиева менен Дамира Шаршенова өтүштү.
2015-жылдын 25-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 193 мүчө-мамлекеттери туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдеттенмелерди алышкан. Бул чечим «Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби» деген аталыштагы документке бекитилген.