PhD программалары көз карандысыз аккредитациядан өттү

Башкы Жаңылыктар

PhD программалары көз карандысыз аккредитациядан өттү

Image

26-27-ноябрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинде Колдонмо математика жана информатика, Филология багыттары боюнча PhD программаларына көз карандысыз программалык аккредитация өткөрүлдү. 

Баалоо учурунда PhD программаларынын илимий-изилдөө ишмердүүлүгү, окуу процессинин түзүмү, материалдык-техникалык ресурстары жана программаны ишке ашыруунун башка негизги компоненттери каралды.

Аккредитациялоо процесси билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө жана университеттин академиялык чөйрөсүн бекемдөөгө багытталды. Ал эми уюштуруучулук иштерин университеттин Аккредитация жана лицензиялоо бөлүмү координациялады.

Процессти билим берүү чөйрөсүндөгү сапаттын кепилдиги боюнча EdNet агенттиги жүргүздү. Аккредитация жогорку билим берүүнүн сапатын ырастоодо жана окуу программаларынын заманбап академиялык талаптарга шайкештигин камсыздоодо маанилүү кадам болуп саналат. 

 

Фото галерея