ОшМУнун окумуштуусу Казакстанда баяндама жасады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окумуштуусу Казакстанда баяндама жасады

Image

28-ноябрда Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин тарых-укук факультетинде XX кылымдын башындагы казак интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлү Смагул Садуакасовдун 125 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү. 

«Смагул Садуакасов: убакыт жана мурас» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга

ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев катышты. Ал «Кыргызстандагы репрессиянын курмандыктары: басмачылар кыймылы, ээликтен ажыратуу саясаты жана саясий репрессия (1920-1930-жылдар)» деген темада илимий баяндама жасады.

Анда ал өлкөдөгү саясий репрессиялардын тарыхый себептерин, басмачылык кыймылынын шарттарын жана коллективдештирүү саясатынын кесепеттерин илимий негизде талдап, жаңы архивдик маалыматтарга таянган маанилүү тыянактарды ортого салды.

Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн тарыхчылар, изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер катышты.

Фото галерея