Ош технологиялык университетинде “Жеткиликтүү чөйрө: Кыргыз Республикасындагы инклюзивдик жана бирдей мүмкүнчүлүктөр” аттуу эл аралык форум өтүп, анын алкагында студенттер арасында сынак уюштурулду.
Мелдеште командалар презентация, тематикалык викторина жана долбоордук сунуштарды коргоо этаптарында өз идеяларын сунуштады. Жыйынтыгында ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун социалдык иштер багытынын студенттеринен түзүлгөн “Лумина” командасы мыкты жыйынтык көрсөтүп, биринчи даражадагы диплом менен сыйланды.
Форум 27-ноябрда болуп, ага институттун Социалдык иштер кафедрасынын башчысы Нурзинат Токторбекова баштаган окутуучулар катышты. Анда инклюзивдүүлүктүн укуктук негиздери, социалдык адаптация, тоскоолдуксуз чөйрө, санариптик жеткиликтүүлүк жана мамлекеттик деңгээлдеги өнүгүү тенденциялары боюнча баяндамалар орун алды.