Бишкекте өткөн орто кесиптик окуу жайлар арасындагы спартакиадада ОшМУнун Финансы-юридика колледжинин балдар командасы волейболдон биринчи орунду алды.
Команданы университеттин окутуучусу, машыктыруучу Мыктыбек Адишов даярдап алып барган.
Мелдештер 21-27-ноябрь күндөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин спорт базасында уюштурулуп, республика боюнча 20 команда катышкан. Спартакиада спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясы тарабынан демилгеленди.