ОшМУда “Студент жана илимий-техникалык прогресс”аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференция өткөрүлдү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда “Студент жана илимий-техникалык прогресс”аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференция өткөрүлдү

Image

Ош мамлекеттик университетинде 2025-жылдын 29-ноябрында    “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференция өткөрүлдү.  

Конференцияга  Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардан, Казакстан Республикасынын Астана шаарындагы Л.Н.  Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинен, Анжиян айыл чарба жана агротехнология институтунан 500дүн тегерегинде алдыңкы студенттер, магистранттар жана 100дөн ашуун алардын илимий жетекчилери, окумуштуулар, ЖОЖдордун илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышышты.

Пленардык жыйында   7 жогорку окуу жайдын студенти баяндама жасады.  Жаш илимпоздордун илимий макалалары  илимдин бир нече багыттары боюнча иш алып барган 20 секцияда  талкууланды жана мыкты баяндамачыларга дипломдор, катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды. Бул иш-чара университетте 2014-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан салттуу иш-чара болуп эсептелет.

“Жаш илимпоздор үчүн уюштурулган бул иш-чараны 2014-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүп келе жатабыз. Бул жылы 12-ирет конференцияны эл аралык деңгээлде өткөрдүк. Бул илимий иш-чара студенттик коомчулуктун жана жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын жана жыйынтыктарын талкуулоо, колдонуу үчүн максаттуу, жалпы аянтчага айланды. Студенттердин, магистранттардын илимий изилдөөлөрүн активдештирүүгө, өнүктүрүүгө, адис катары көндүмдөрдүн пайда болуусуна жана калыптануусуна өбөлгө түзүүдө. Ошону менен бирге, конференция студенттердин идеяларын бириктирүүгө, илимге кызыккан жаштардын, окуу жайлардын байланыштарын бекемдөөгө да салым кошууда. Көптөгөн студенттердин мыкты билим алуусуна, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсүнө шык-дем, түрткү берип келет. Конференциянын алгачкы катышуучулары аспирантураны аякташып, кандидаттык диссертацияларын коргоп калышты”, − деди аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башкы адиси, конференциянын уюштуруучусу, доцент Гүлжамал Анарбаева.

Фото галерея