Ош мамлекеттик университетинде билим берүү жана административдик процесстеринде активдүү колдонулган MyEDU маалыматтык системасына эки факторлуу аутентификация (2FA) расмий түрдө ишке киргизилди.
Буга байланыштуу окуу жайдагы тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилери жана кызматкерлерине аутентификациянын мазмуну, практикалык колдонуу тартиби боюнча семинар уюштурулду. Анда университеттин санариптик трансформация жана электрондук билим берүү боюнча проректору Улар Молдояров 2FAнын маанилүүлүгү, маалыматтык системаларды коргоодогу ролу, бул механизм аркылуу колдонуучунун аккаунтун сыр сөз уурдоодон же мыйзамсыз кирүүдөн сактоонун артыкчылыктары тууралуу кеңири маалыматтарды берди.
Ошондой эле ОшМУнун IT академиясынын адистери катышуучуларга төмөнкү багыттар боюнча кеңири түшүндүрмө беришти:
Окутуу университеттин бардык бөлүмдөрүндө санариптик коопсуздук боюнча бирдиктүү түшүнүктү калыптандыруу, кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу жана MyEDU платформасында коопсуз иштөө шарттарын камсыздоо максатында демилгеленген.
ОшМУ санариптик трансформация процессинде коопсуздукту өзгөчө мааниге ээ стратегиялық багыт катары карманып, маалыматтык коопсуздукту чыңдоо боюнча иштерди мындан ары да ырааттуу уланта берет.