Илим, билим берүү жана инновациялар министрлиги 2025-2026-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) кышкы кабыл алууну жарыялады.
Кабыл алуу турлары:
Кышкы кабыл алуу контракттык гана орундарга жүргүзүлөт. Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча кышкы кабыл алуу үчүн ЖОЖдордун жана багыттардын тизмеси https://2020.edu.gov.kg/ сайтына жайгаштырылды. Ал эми чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу https://edugate.edu.gov.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлөт.
2025-жылы өткөрүлгөн ЖРТнын жыйынтыктары кышкы кабыл алууга катышуу үчүн жарактуу. Кышкы кабыл алууда эрежелер жана босого балл жайкы кабыл алуу менен бирдей болот. Абитуриенттер өзүнүн жеке кабинетин каттап, конкурстук тандоого катышуу боюнча нускаманы https://2020.edu.gov.kg/ сайтынан көрө алышат.
Буга чейин жогорку кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында кыргызстандыктарды жана чет өлкөлүк жарандарды окуу жылынын ичинде эки жолу кабыл алуу механизми иштелип чыккан.