Университетибиздин Экономика, бизнес жана башкаруу институтунун социалдык иш кафедрасынын окутуучулары Кара-Суу районундагы дүлөй балдар үчүн жатак мектебинде иш-чараларды уюштурушту.
Факультет өзгөчө муктаждыктары бар өспүрүмдөр үчүн тематикалык мастер-класстарды өткөрдү. Чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, өзүнө болгон ишенимди жогорулатууга жана социалдык көндүмдөрдү бекемдөөгө багытталган интерактивдүү иш-чаралар да уюштурулду. Эскерүү белектери да тапшырылды.
Иш-чара 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү. Анын максаты - коомчулуктун көңүлүн социалдык маселелерге буруу, инклюзивдүү коомду куруунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коомдук жашоого активдүү тартуу жана адам укуктарын сыйлоону жайылтуу болду.
Жатак мектебинин администрациясы Ош мамлекеттик университетинин окутуучуларынын социалдык демилгелерин жогору баалап, аларга "Ыраазычылык катын" тапшырды.