Медицина факультетинин студенттеринен түзүлгөн “Астрамед” командасы Эл аралык предметтик олимпиадада 3-орунду ээлешти.
Олимпиада 27-ноябрда Өзбекстандын Ташкент мамлекеттик медициналык институтунда өткөн. Эл аралык сынак төрт баскычта уюштурулуп, катышуучулар белгиленген убакыттын ичинде тесттик суроолорго жазуу жүзүндө жооп беришкен. Ошондой эле билеттеги суроолорго оозеки жооп берүү, ситуациялык маселе чечүү жана практикалык көндүмдөрдү аткаруу этаптарынан өтүшкөн.
Команданы Медицина факультетинин педиатрия жана балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын башчысы Курсанбек Турдубаев даярдап, алып барды.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларусия жана Өзбекстандын 23 жогорку медициналык окуу жайынан жалпы 250 студент катышты.