Медицина факультетинин деканы Кылычбек Мамашарипов менен педиатрия жана балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын башчысы Курсанбек Турдубаев Ташкент мамлекеттик медициналык университетинин жетекчилигинин атайын чакыруусу менен эл аралык жыйынга катышты.
Анда Курсанбек Турдубаев жаш балдардагы темир жетишсиздиги, аз кандуулуктун алардын физикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу маалымат берип, өзүнүн көп жылдык илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунуштады. Ошондой эле изилдөөлөрүндөгү хлорорганикалык кошулмалардын кан жаралуучу органдарга тийгизген таасири боюнча маанилүү натыйжаларын бөлүштү.
Конференция “Заманбап педиатриянын актуалдуу маселелери: балдар ооруларын диагностикалоонун жана дарылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү” аталышында болду. Анда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген илимпоздор балдар ооруларын диагностикалоонун жаңы ыкмалары, дарылоону өркүндөтүү жолдору жана заманбап педиатриянын өнүгүү багыттары тууралуу баяндамаларды жасашты.