ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Түркияда өткөн эл аралык конгресске катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Түркияда өткөн эл аралык конгресске катышты

Image

4–7-декабрь күндөрү Түркиянын Анталия шаарында инженердик жана табият илимдери боюнча эл аралык илимий конгресс өттү. Бул ири иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) кесиптик бирлигинин төрагасы Апсамат Саттаров да катышты.

Конгресске дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн окумуштуулар, изилдөөчүлөр, университеттердин жана илимий борборлордун өкүлдөрү, кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрү чогулуп, билим берүү жана илим багытындагы жаңылыктарды, акыркы технологиялык жетишкендиктерди талкуулашты. Иш-чарада 450дөн ашык баяндамалар окулуп, билим берүү жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин эмгек укуктарын коргоодо кесиптик бирликтердин ролу кеңири айтылды.

Эл аралык жыйын Түркиянын Türk Eğitim-Sen уюму жана Евразия билим берүү профсоюздарынын Эл аралык биримдиги (UAESEB) тарабынан белгилүү окумуштуу, профессор Октай Синаноглунун 90 жылдыгына карата уюштурулду.

 

Фото галерея