Спорт: орто кесиптик окуу жайлардын спартакиадасында ОшМУ жеңишке жетти

Башкы Жаңылыктар

Спорт: орто кесиптик окуу жайлардын спартакиадасында ОшМУ жеңишке жетти

Image

Бишкекте өткөн орто кесиптик окуу жайлар арасындагы спартакиадада Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Эл аралык билим берүү программалары колледжинин кыздар волейбол командасы чемпион аталды.

Финалдык оюндарда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин командасын 2:0, Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун командасын 2:0 эсебинде утуп, биринчиликти багынтты.

Команданы университеттин окутуучусу жана машыктыруучу Айнура Ботобекова даярдады.

Мелдештер 28-ноябрдан 5-декабрга чейин Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) спорт базасында өтүп, өлкө боюнча 20 команда катышты. Спартакиада спорттун олимпиадалык түрлөрүн жана спорттук-массалык иш-чараларды колдоо максатында «Жаштык» дирекциясы тарабынан уюштурулду.

 

Фото галерея