Бүгүн коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү

Башкы Жаңылыктар

Бүгүн коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү

Image

9-декабрь – Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата ОшМУда жыйын уюштурулду. Анда өлкөдөгү жемкорлукка каршы күрөшүүнүн көйгөйлөрү жана перспективалык багыттары талкууланды. 

Иш-чарага Ош шаардык прокуратурасынын улук прокурору Залкарбек Жолдошов баштаган өкүлдөр, ОшМУ, ОшТУ, ОшКӨУ, ОшМПУнун ректорлору, структура жетекчилери, профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

Жыйында ар бир жогорку окуу жайы Президенттин 2024-жылдын 5-июнундагы “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” № 137 Жарлыгы менен 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы жана 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы боюнча жыл ичи аткарылган иштер боюнча маалыматтарды беришти.

Жемкорлукка каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү боюнча баяндамалар жасалып, суроо-жооптор орун алды. Ал эми ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, коррупцияга каршы комиссиянын төрагасы Руслан Арапбаев университетте «ОшМУда 2025-жылы коррупцияны алдын алуу жана коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча кадамдык иш-чаралардын деталдуу планы» боюнча аткарылган иштер боюнча баяндады.

Иш-чарада жемкорлукка каршы күрөшүү, анын себептери жана натыйжалуу күрөшүү жолдорун табуу боюнча сунуштар айтылды. 

 


 

Фото галерея