7-Азия – Тынч океан конгресси: кыргызстандык адистер саламаттыкты сактоонун мыкты тажрыйбаларын бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

7-Азия – Тынч океан конгресси: кыргызстандык адистер саламаттыкты сактоонун мыкты тажрыйбаларын бөлүштү

Image

Кытайдын Хайнань провинциясындагы Боао шаарында 28-ноябрдан 2-декабрга чейин 7-Азия – Тынч океан конгресси жана анын алкагындагы ЦАРЕС саламаттыкты сактоо форуму өттү. Иш-чара аталган тармактагы кызматкерлердин даярдыгын күчөтүү жана аймакта саламаттык коопсуздугун камсыздоо темасына арналды.

Форумга ЦАРЕС программасына кирген бардык өлкөлөр катышты. Кыргызстандан Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Зинат Бейшебаева,  Эл аралык жогорку медицина мектебинен профессор Айнаш Шаршенова, ОшМУнун Эл аралык медициналык факультетинин доценти, Алдыңкы тажрыйбалар борборунун жумушчу тобунун мүчөсү Жайнагул Абдирасулова барды. 

Иш-чарада Ош мамлекеттик университетинин Алдыңкы тажрыйба борбору коомдук саламаттыкты сактоо багытындагы өзүнүн мыкты практикаларын жана жетишкендиктерин презентациялады. Конгресстин жыйынтыгында жакынкы убакта ЦАРЕС демилгеси алкагында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ири биргелешкен долбоор ишке ашырылары белгиленди.

Буга чейин Ош мамлекеттик университети коомдук саламаттыкты сактоо боюнча глобалдык билим берүү тармагындагы TOP-5 алдыңкы тажрыйба борбору катары таанылган.

ЦАРЕС – Борбор Азия жана коңшу өлкөлөрдүн кызматташтыгын, экономикалык өнүгүүсүн жана саламаттык сактоо, билим берүү тармактарындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган регионалдык демилге.

 

Фото галерея