8-декабрда ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунда студенттер үчүн стартап боюнча тренинг өттү. Аны Бизнес парктын директору Эрлан Камалов жана стартаптар боюнча эксперт Санжарбек Исмадияров өткөрдү.
Иш-чарада студенттер стартап деген эмне, идеяны кантип табуу керек, команда менен кантип иштөө, бизнес-модель түзүү жана инвестиция тартуунун жолдору тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле көйгөйдү туура аныктоо жана рынокко ылайыктуу чечим сунуштоо боюнча мисалдар талкууланды.
Студенттер өз идеяларын да тааныштырып, эксперттерден кеңеш алышты.
ОшМУнун бизнес паркы студенттер менен окутуучуларга өз стартаптарын иштеп чыгуудан баштап, аны ишке ашырууга чейин толук колдоо көрсөтөт.