ОшМУ менен Кытайдын Ланьчжоу университети кызматташуу меморандумун түздү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен Кытайдын Ланьчжоу университети кызматташуу меморандумун түздү

Image

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору Дилмурат Турсунов баштаган делегация 8-декабрда Кытайдын алдыңкы окуу жайларынын бири – Ланьчжоу университетинде болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки университет өнөктөштүк мамилени кеңейтүү боюнча меморандумга кол коюшту. Документ эки тараптуу академиялык мобилдүүлүк, окутуучулар менен студенттердин алмашуусу, илимий изилдөөлөрдү биргелешип жүргүзүү жана жаңы билим берүү долбоорлорун ишке ашырууну камтыйт.

Ланьчжоу университети Кытайдагы ТОП-500 эл аралык рейтингге кирген жогорку окуу жайлардын бири болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө анда 30 миңден ашуун студент билим алат. Алардын 5%ы чет өлкөлүк студенттер.


 

Фото галерея