Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Айыл чарба колледжи Өзбекстандын Жизак облусундагы төрт орто кесиптик окуу жайы менен кызматташууга багыт алды. Кызматташуу боюнча документтерге колледж директору Полот Тувашев баштаган делегациянын 5-декабрдагы иш сапарынын алкагында кол коюлду.
Тараптар студенттердин жана окутуучулардын мобилдүүлүк программасын ишке киргизүү, биргелешкен билим берүү долбоорлорун түзүү, тажрыйба алмашуу жана илимий иштерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле делегация Жизак облусундагы колледждердин өндүрүштүк базалары менен таанышып, практика өтүү мүмкүнчүлүктөрүн көрүп кайтышты.
2025-жылы ОшМУнун карамагына өткөн Айыл чарба колледжи агрономия, ветеринария, айыл чарбасын механизациялаштыруу, электрлештирүү жана автоматташтыруу багыттары боюнча кадрлар даярдайт