Европа биримдигинин элчиси ОшМУга келди

Башкы Жаңылыктар

Европа биримдигинин элчиси ОшМУга келди

Image

18-декабрда Европа биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло Ош мамлекеттик университетине иш сапары менен келди. 

Делегациянын курамында Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Нурлан Омуров жана Erasmus+ программасынын Кыргызстандагы Campus France кеңсесинин координатору Aménis Gerin бар.

Жолугушууда ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттерине Erasmus+ программасы тууралуу кеңири маалымат берилди. Тараптар билим берүү, илим жана инновация тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Реми Дюфлонун сөзүнө караганда, Кыргызстанда Erasmus+ программасына 25 жогорку окуу жай катышып келет. Ал алардын ичинен ОшМУ активдүү кызматташкан жана ири университеттердин бири экенин айтты.

Campus France координатору Aménis Gerin Франциянын университеттери менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле Европа менен Кыргызстандын ортосундагы академиялык мобилдүүлүккө токтолду.

Программанын алкагында конокторду Тышкы байланыштар боюнча проректор Курстантбек Аттокуров “Green KG” долбоорунун негизинде түзүлгөн Санариптик инновация борбору, Дата борбору, Маалымат жана коомчулук менен байланыш борбору жана “Келечек муундун ХАБы” менен тааныштырды. Ошондой эле Эл аралык медицина факультети, Медицина факультети жана университеттин медициналык клиникасын көрүп, окутуучулар жана студенттер менен пикир алышты.

Учурда ОшМУда Erasmus+ программасынын алкагында TUTORIAL, DERECKA, HARMONEE, BERNICA, DEFA, EPCA, PAWER, Green KG жана KyrMEDU долбоорлору ийгиликтүү ишке ашууда. Бул долбоорлор билим берүүдөгү заманбап технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүүгө багытталууда.

 

 

Фото галерея