Кадырлуу кыргыз элим!
Урматтуу мекендештер!
Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы, кызматкерлери жана студенттери!
Сиздерди алдыбызга жаңы максаттарды койгон, үмүт менен ишенимди арттырган 2026-жыл – Жаңы жыл менен чын дилимден куттуктайм! Өтүп бара жаткан жыл өлкөбүз үчүн да, Ош мамлекеттик университети үчүн да жемиштүү болду. Билим берүү, илим, спорт тармактарында олуттуу колдоолор болуп, жаштарыбыз эл аралык жана республикалык деңгээлде ийгиликтерди жарата алышты.
Президентибиз Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Ош мамлекеттик университетине өзгөчө макам берилип, окуу жайдын автономиясы кеңейди. Бул мүмкүнчүлүк окуу процессин, илимий ишмердүүлүктү жана башкарууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө шарт түздү. Анын негизинде университеттин 2023–2026-жылдарга карата туруктуу өнүгүү планы ийгиликтүү ишке ашууда.
2025-жылы ОшМУ QS Asia 2026 рейтингинде жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, Борбор Азиядагы алдыңкы университеттердин катарына кирди. Эл аралык кызматташтык кеңейип, кош диплом программалары, дуалдык окутуу багыттары өнүгүүдө. Ошондой эле QSтин туруктуулук рейтинги боюнча ТОП-1500 университеттин катарына кошулду.
Студенттер үчүн шарттарды жакшыртуу максатында бир катар ири курулуштар ишке ашырылды. «Ыйман» лицейи толук оңдолуп пайдаланууга берилди, балдар бакчасы жаңыланды. Медициналык клиника, практика борбору жана заманбап жатакана курулуп жатат.
Бул жетишкендиктердин баары сиздердин эмгегиңиздердин, колдооңуздардын жана ынтымактуу ишиңиздердин жыйынтыгы экенин баса белгилегим келет.
Жаңы 2026-жыл элибизге тынчтыкты, биримдикти, мол ырыскыны алып келсин. Ар бир үйдө бакыт орноп, ден соолук, ийгилик жана жаркын келечек коштосун!
Жаңы жылыңыздар кут болсун!