Бүгүнкү күндө кыздардын коопсуздугу, социалдык адаптациясы жана билимге тең мүмкүнчүлүгү маанилүү маселе бойдон калууда. ОшМУда бул багытта Аялдар кеңеши кандай иштерди жүргүзүүдө? Кеңештин төрайымы Гулнара Сейитказыева менен маектештик.
– Аялдар кеңеши кандай максатта түзүлгөн жана негизги милдеттери кандай?
– Аялдар кеңеши университеттин аял кызматкерлерин, айрыкча студент кыздарды колдоо, алардын социалдык-руханий өнүгүүсүнө шарт түзүү жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Негизги милдеттерге улуттук баалуулуктарды сактоо, адеп-ахлактык тарбия, коомдук жана үй-бүлөлүк жоопкерчиликти калыптандыруу, ошондой эле коопсуздук маселелерине көңүл буруу кирет.
– Өткөн окуу жылында кандай иш-чаралар ишке ашырылды?
– Окуу жылынын башында иш-планга ылайык салтка айланган адаптациялык жыйындар өткөрүлдү. Бул жыйындар ОшМУнун ар бир институттардагы, факультеттердеги, колледждердеги аялдар кеңешинин төрайымдары тарабынан өткөрүлөт. Аталган иш-чара университеттин босогосун жаңы аттаган 1-курстун студент кыздары үчүн уюштурулуп, «Студент кыздардын коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү, кийинүү маданияты жана тарбиясы, коопсуздугу» темасында болду. Андан соң бардык факультеттерде, институттарда жана колледждерде нутрицологдор, косметологдор, милиция кызматкерлери жана психологдор менен жолугушуулар өткөрүлдү. Негизинен бул иш-чаралар аржыл сайын өткөрүлөт.
Мындан тышкары «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө аялдардын орду: кечээ, бүгүн, эртең» аталышындагы областтык деңгээлдеги форумду уюштурдук. Форумдун алкагында илимдин доктору болгон эжекелерибизге жана баатыр энелерге өзгөчө сый көрсөтүлүп, студент кыздар, окутуучулар жана энелер ортосунда ачык пикир алмашуулар жүрдү. Ошондой эле улуттук баалуулуктарды даңазалаган «Этно-фотосессия» иш-чарасы студенттер менен окутуучу айымдардын чоң кызыгуусун жаратты.
– «Бүгүнкү кыз – эртеңки эне» долбоорунун алкагында гинекологдор менен жолугушуулар салтка айланды. Жатаканаларда студент кыздар менен «Камкордук» акциясы өткөрүлүп, алардын ден соолук, жашоо шарты жана психологиялык абалына көңүл бурулду. Студент балдар үчүн да «Студент балдардын өздүк гигиенасы» темасында урологдор менен жолугушуу уюштурулуп, жаштардын ачык суроолоруна жооп берилди. Жалпысынан форумдар, акциялар, тренингдер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
– Кыздардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп жатат экен…
– Ооба, бул багыт учурда абдан актуалдуу. Азыркы учурда социалдык тармактарда жүрөк өйүгөн, опурталдуу маалыматтар көбөйүп жаткандыгы кооптондурат. Ошондуктан кыздардын коопсуздугу боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлерин чакырып, студенттер менен түз жолугушууларды уюштуруп жатабыз. Алар коопсуздук чаралары тууралуу маалымат берип, этият болууга чакырып, билим алууга басым жасоо керектигин эскертүүдөбүз.
Негизи бардык иш-чаралар студент кыздардын бүгүнкү жана эртеңки келечеги үчүн уюштурулат. Бирок өзгөчө таасир калтырганы адаптациялык жыйындар болду деп айта алам. Анткени университеттин босогосун жаңы аттаган студент кыздарга туура багыт берүү, коопсуздук маселелери жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүү тууралуу кеңири маалымат берилет.
– Кыздарда суроо же көйгөй жаралса кайда кайрылат?
– Студент кыздар кандайдыр бир суроолору же ыңгайсыз жагдайлар жаралса түздөн-түз өзүнүн институтундагы, факультетиндеги, колледжиндеги Аялдар кеңештеринин төрайымдарына кайрыла алат. Андан сырткары айрыкча, гинекологдор менен жолугушууларда анонимдүү суроо-жооптор уюштурулат жана алардын суроолоруна, талаптарына карата аракеттер көрүлөт. Ошондой эле бизде психология кафедрасы жана Акчач Олмасовна менен биргеликте “Ишеним саатын” уюштурганбыз. Студент кыздар каалаган учурда психология кафедрасына барып суроолоруна түз кеңеш ала алышат. Анонимдүүлүк толук сакталат.
– Окутуучу жана кызматкер айымдарды колдоо багытында кандай иштер жүргүзүлүүдө?
– Буга чейин эжекелер арасында веложарыш, сууда сүзүү боюнча мелдештер өткөрүлүп келген. Азыркы учурда «Нур» гезитине «Биздин эжеке» деген атайын рубрика ачып, рейтингде жогорку көрсөткүчкө жетишкен окутуучу айымдарды даңазалоо жана мотивациялоо максатында ар бир санына жарыяланууда.
Ошондой эле Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата ар түрдүү форматтагы иш-чаралар салтка айланган.
– Иш-чараларды каржылоо жана демөөрчүлөрдү тартуу маселеси кандай чечилет?
– Аялдар кеңешинин иш-чараларына университеттин жетекчилиги тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт. Иш-чаралар негизинен университеттин ички ресурстары аркылуу жүргүзүлүп, ОшМУнун кесиптик бирлиги демөөрчүлүк кылып келет. Мындан тышкары коомдук уюмдар, өнөктөш мекемелер менен кызматташуу аркылуу кошумча колдоо табуу мүмкүнчүлүктөрү да бар.
ОшМУнун Аялдар кеңеши университеттин социалдык, тарбиялык жана маданий саясатынын маанилүү бөлүгү. Кеңеш тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер студент кыздардын коопсуздугун камсыздоого, улуттук баалуулуктарды сактоого, жоопкерчиликтүү, билимдүү жана мекенчил жаш муунду тарбиялоого багытталган. Бул демилгелер келечекте дагы кеңейип, университет коомчулугу үчүн олуттуу жыйынтыктарды алып келери талашсыз.
Маектешкен Зинагул Нуралиева