Азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган практикалык семинар өттү

Башкы Жаңылыктар

Азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган практикалык семинар өттү

Image

29-январда Ош мамлекеттик университетинде "Азык-түлүк коопсуздугу" темасында өндүрүштүк-практикалык семинар уюштурулду. Иш-чара "Борбордук Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо" борборунда ички гранттын негизинде ишке ашып жаткан илимий долбоордун алкагында өткөрүлдү.

Семинарга Ош башкы суу чарба башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаал министрлигине караштуу токой чарбаларынын, Кыргыз мамлекеттик жер долбоор институтунун, Ош облусундагы райондордун жетекчилери, донорлор жана ишкерлер катышты.

Семинарга чейин президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев чет өлкөлүк донорлор менен жолугуп, ОшМУнун жетекчилиги жана долбоордун аткаруучулары менен кургак аймактарда жүзүм өстүрүү мүмкүнчүлүктөрү, айыл чарбадагы актуалдуу маселелерди талкуулады.

Мындан тышкары долбоордун максаты, жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр жана аймактарда алынган сунуштар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо мамлекеттик мекемелер, илимий чөйрө жана ишкерлер ортосунда кызматташтыкты күчөтүү маселелери көтөрүлдү.

Семинардын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынып, ишкерлер менен кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол коюлду. Бул долбоор аймактардагы айыл чарба потенциалын натыйжалуу пайдаланууга жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.

 

Фото галерея