БАУ менен ОшМУнун биргелешкен курсун 68 адам ийгиликтүү аяктады

Башкы Жаңылыктар

БАУ менен ОшМУнун биргелешкен курсун 68 адам ийгиликтүү аяктады

Image

Бүгүн, 6-февралда Ош мамлекеттик университетинде үзгүлтүксүз билим берүү курстарынын бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды. Окутууну Борбордук Азия университети (БАУ) менен ОшМУнун тышкы байланыштар департаменти биргелешип уюштурду. 

Курстарды жалпы 68 катышуучу ийгиликтүү аяктады. Алар англис тили, санариптик сабаттуулук, жасалма интеллект жана билим берүүдөгү жасалма интеллект багыттары боюнча сертификаттарга ээ болушту. Арасында университеттин окутуучулар жана башка билим берүү мекемелеринин кызматкерлери бар.

Программа англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, педагогикалык ишмердүүлүктү өркүндөтүү, лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө багытталган.

Иш-чара Борбордук Азия университетинин Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби менен ОшМУнун кызматташтыгынын алкагында өткөрүлдү. Бул өнөктөштүк 2024-жылдын май айында түзүлгөн меморандумдун негизинде ишке ашты. Анын алкагында Ош шаарында үзгүлтүксүз билим берүү борбору ачылган.

Фото галерея