ОшМУ Кореянын ири IT-окуу жайы менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Кореянын ири IT-окуу жайы менен кызматташат

Image

9-февралда Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Түштүк Кореядагы ири IT-билим берүү окуу жайларынын бири – Kyungnam College of Information & Technology менен кызматташуу меморандумуна кол койду.

Келишим Кённам маалыматтык технологиялар жогорку мектебинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн директору Ким Хон Гилдин ОшМУга жасаган расмий сапарынын алкагында түзүлдү.

Меморандум эки окуу жайдын эл аралык байланыштарын өнүктүрүүгө, студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Анын алкагында билим берүү тармагында эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү, илимий долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Ошондой эле жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо багытында тажрыйба алмашуу пландалууда.

Kyungnam College of Information & Technology – IT, инженерия жана санариптик технологиялар жаатында адистерди даярдаган заманбап окуу жай. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн жумушка жайгаштыруу көрсөткүчү жогору болуп, Samsung, Hyundai, LG, POSCO сыяктуу ири компаниялар менен кызматташат.


 

Фото галерея