4-февралда Педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын профессору Асылбек Эшиев Орусиядагы онлайн илимий иш-чарада баяндама жасады.
Талкуунун алкагында ал «Калктын ден соолугун сактоонун социалдык-психологиялык технологияларынын актуалдуулугу жөнүндө» аттуу баяндамасын сунуштады. Анда коомдук ден соолукту чыңдоодо социалдык-психологиялык ыкмалардын ролу, алдын алуу иштериндеги натыйжалуулугу жана бүгүнкү күндөгү коомдук чакырыктар тууралуу сөз кылды.
Илимий дискуссия тажрыйба алмашуу, илимий идеяларды практика менен айкалыштыруу, калктын ден соолугун сактоого багытталган заманбап социалдык-психологиялык технологияларды өркүндөтүүгө багытталган. Аны В.И. Вернадский атындагы Крым федералдык университетинин Армянск шаарындагы Педагогикалык билим берүү жана менеджмент институту уюштурган.
Асылбек Эшиев философия илимдеринин доктору. Ошондой эле Кыргызстандын «Тең укуктар жана мүмкүнчүлүктөр» коомдук фондунун жетекчиси.