23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Ош шаарындагы 36806 аскер бөлүгү студенттер жана мектеп окуучулары үчүн ачык эшик күнүн өткөрдү.
Иш-чарага ОшМУнун Финансы-юридикалык коллежинин студенттери катышып, аскердик турмуш менен жеринен таанышты. Алар казарманы, күжүрмөн техникаларды, инженердик тосмолорду жана ок атуучу куралдарды көрүп, аскер кызматкерлеринин күнүмдүк жашоосу жана даярдыгы тууралуу маалымат алышты.
Студенттерди аскерге чейинки даярдык сабагынын окутуучусу, подполковник Жуманазар Самидинов жетектеп барды. Мындай ачык эшик күндөрү студенттердин мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу, аскер турмушу менен тааныштыруу максатында жыл сайын уюштурулуп келет.