20-февралда ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун бүтүрүүчү студенттер үчүн карьера баштоо, жумуш издөө боюнча маалыматтык иш-чара уюштурулду.
Жолугушуудаокуу жайдын Практика жана карьера борборунун улук инспектору Азирет-Али Маткалыков студенттерге job.oshsu.kg сайтына резюме жүктөөнүн тартибин кеңири түшүндүрүп берди. Ошондой эле резюмени туура түзүү, иш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык документ даярдоо боюнча кеңештер айтылды.
Иш-чара суроо-жооп форматында өтүп,катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Жолугушуу бүтүрүүчүлөргө эмгек рыногунда өз ордун табууга көмөк көрсөтүү, карьераны туура пландаштыруу жана заманбап талаптарга ылайык резюме даярдоо максатында уюштурулду. Иш-чараны инсититуттун Карьера борбору демилгеледи.