Студенттер арасында интеллектуалдык дебат өттү

Башкы Жаңылыктар

Студенттер арасында интеллектуалдык дебат өттү

Image

25-февралда ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда 1-курс студенттеринин катышуусунда кафедралар аралык интеллектуалдык дебат уюштурулду.

Таймашта командалар өз кафедраларынын атынан чыгышты. Талкууга коюлган темалар боюнча жүйөлүү аргументтерин сунуштап, суроолорго так жана негиздүү жооп беришти. Катышуучулар жогорку даярдык деңгээлин жана аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмүн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында «Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ» кафедрасынын командасы жеңүүчү деп табылды.

Дебат «Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ» жана «Менеджмент жана маркетинг» кафедраларынын демилгеси менен уюштурулду. Максаты студенттер үчүн практикалык тажрыйба алмашууга жана командалык иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү болду. Уюштуруучулар мындай форматтагы интеллектуалдык иш-чараларды жыл сайын өткөрүү пландалып жатканын белгилешти. 

Фото галерея