Бул тууралуу 2-мартта Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн ыктыярчыларга арналган экинчи маалыматтык жыйында айтылды. Иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлдү.
Жыйынга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын ыктыярчылар менен иштөө боюнча башкы адиси Шайырбек Сапарбаев, ОшМУнун Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, Ош шаарындагы ЖОЖдордун студенттери катышты.
Иш-чарада катышуучуларга ыктыярчылардын милдеттери, тандоо этаптары, даярдык процесси жана уюштуруу маселелери тууралуу кенен маалымат берилди. Ыктыярчы болууну каалаган студенттер 10 күн аралыгында volunteer.kg сайты аркылуу каттала алышат. Катталган студенттердин ичинен 1000 ыктыярчы тандалып, алар атайын даярдыктан өтүшөт. Даярдык иштери Ош, Бишкек шаарларында жана Ысык-Көлдүн жээгинде жүргүзүлөт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта башталып, 5–6-сентябрда жыйынтыкталат. Ага дүйнөнүн ондон ашуун өлкөсүнөн 50 миңден ашуун коноктордун катышуусу күтүлүүдө.