Нуркасым Аркабаев: маалыматты талдай албаган адис атаандаштыкка туруштук бере албайт

Башкы Жаңылыктар

Нуркасым Аркабаев: маалыматты талдай албаган адис атаандаштыкка туруштук бере албайт

Image

Санариптик трансформация ылдамдаган сайын билим берүүнүн мазмуну, адистерге болгон талап жана илимдин багыты да өзгөрүүдө. Жасалма интеллект (ЖИ) адамзатка болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен катар жаңы коркунучтарды да жаратууда. 

Бул доордо программист ким болушу керек? Студент кайсы көндүмдөрдү өздөштүрүүгө тийиш? Илимге келген жаштар эмнеден баштаганы туура? Ушул жана башка суроолордун айланасында биз Ош мамлекеттик университетинин доценти Нуркасым Аркабаев менен маектештик.

Маалымат үчүн: Нуркасым Аркабаев физика-математика илимдеринин кандидаты, 64 илимий эмгектин, алты окуу колдонмонун жана үч китептин автору.


– Нуркасым агай, адегенде өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

– Мен Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кайыңды айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Ж.Турусбеков атындагы орто мектепте билим алып, окуу менен катар коомдук иштерге активдүү катышчумун. Айрыкча математикага кызыгып, райондук жана облустук олимпиадаларга катыштым. 1996-жылы математика боюнча райондук олимпиадада 1-орунду алып, облустук баскычта 4-орунду камсыздагам. 1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетине тапшырып, кийин колдонмо математика жана информатика адистигине которулдум. 2001-жылы бакалаврды артыкчылык диплому менен аяктап, 2002-жылы математик, инженер-программист квалификациясына ээ болдум.

   

1987-ж. Ж.Турусбеков атындагы                      Баткен-гимназиясын бүтүрүү алдында
 орто мектебине 1-класска барган учур

– Балалык кыялыңыздагы кесипти тандадыңызбы?

Кандай гана инсан болбосун өзүнүн балалык кыялы болот. Мен да ал кезде жол тескөөчү болом деп кыялданчумун. Убакыт өткөн сайын адамдын көз карашы өзгөрөт экен. Ошол себептүү окутуучу кесибин тандап калдым.

 

Студенттик күндөр

– Алгачкы эмгек жолуңузду кандай баштадыңыз?

2001-жылы акыркы курста окуп жаткан учурда өзүм окуган факультеттин, ал учурда Физика, математика жана информациялык технологиялар факультети деп аталчу, колдонмо математика жана информатика кафедрасына инженер-программист кесиби менен баштагамын. Бул кесипте иштеп калышыма устатым, аталган кафедранын ошол учурдагы башчысы профессор Адахимжан Сопуевич себепчи болгон.

  

– Студент кезиңизде эле инженер-программист болуп иштеп баштаган экенсиз. Бул учур сизге кандай турмуштук тажрыйба берди?

Биз окуп жаткан «Колдонмо математика жана информатика» адистиги ошол учурда 4+1 окуу программасына өткөн экен. Бпшкача айтканда, бакалавр төрт жыл, андан кийин бир жыл кошумча окуса специалитет болуп бүтөт. Ошол себептүү биз эки жолу мамлекеттик экзамен тапшырганбыз жана экиден диплом алганбыз. Студент кезде иштеп калууга ушул окуу программасы да себеп болуп калды деп ойлойм. Себеби, бакалавр окуу программасын бүтүрүп жатканда диплом жетекчи катары профессор Адахимжан Сопуевичке бөлүнүп дипломдук ишти жазуу үстүндө тыгыз байланышып көп иштешип калдык. Ошондон кийин менин кайсы бир сапаттарым агайга жагып, инженер-программисттик кызмат орун бошогондугун, ошол орунга жарым ставкада иштөөмдү сунуштаган.

 

Алгачкы эмгек жолу

– Илимий изденүүлөрүңүздү кайсы багытта өнүктүрдүңүз?

Илимий изденүүлөрүмдү алгач математика багытында, тагыраагы «Дифференциалдык теңдемелер» багытында өнүктүрүп келдим. Анын жыйынтыгы катары 2017-жылдын 20-октябрында ф.-м.и.д, профессор Адахимжан Сопуевичтин жетекчили астында физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы боюнча диссертациямды жактадым.

  

– Жаш изденүүчүлөргө илим жолуна түшүүдө кандай кеңеш берет элеңиз?

– Алгач илимий багытты туура тандоо жөнүндө кеңеш бермекмин. Башкача айтканда, биринчиден, илимий багыт актуалдуу (заманбап) болуш керек. Экинчиден, изденүүчү өзү кызыккан багыт болушу шарт. Менин оюмча, ар бир изденүүчү өлкөбүздөгү учурдагы илимий чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүн – ресурстардын чектелүүлүгүн, эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн, жергиликтүү маселелерди глобалдык контекстке байланыштыруу зарылдыгын түшүнүшүш керек деп ойлойм. Андан сырткары жаш изденүүчү илимий жазуу, академиялык англис тили, LaTeX жана башка ушул сыяктуу инструменттер менен иштөө көндүмдөрүнө ээ болуусу зарыл.

– Бүгүнкү студенттер кайсы компетенцияларга көңүл бурушу керек?

Бүгүнкү студент жөн гана колдонуучу эмес, технологияны түшүнгөн жана анализ кыла алган адис болушу керек. Маалымат менен иштөө, жасалма интеллекттин негиздери, санарип коопсуздук маданияты, экономикалык ой жүгүртүү, системалык талдоо, факт менен пикирди айырмалай билүү, идеяны так жана логикалык жеткирүү жана командада иштөө сыяктуу компетенцияларга көңүл бурушу керек. Бүгүнкү студент үч нерсеге – маалыматты талдай билүү, технологияны түшүнүү жана өмүр бою үйрөнүүгө даяр болуусу керек. Учурда кайсыл жерге барбайлы диплом эмес, компетенция атаандаштыкты аныктап жатат. Жасалма интеллект доорунда адамдын негизги артыкчылыгы – критикалык ой жүгүртүү жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуу болуп эсептелинет.

– IT тармагындагы акыркы өзгөрүүлөргө кандай баа бересиз?

Акыркы беш жылды алсак IT тармагы дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да сапаттык жаңы баскычка өттү. Санариптештирүү экономиканын өзөгүнө айланды. Мисалы, бир эле «Түндүк» маалымат системасын алсак, көптөгөн мамлекеттик кызматтардын онлайн форматка өтүшү менен бюрократияны кыскарып, ачыктык жогорулап, коррупциялык тобокелдиктер азайды десек болот. Ал эми жасалма интеллекттин жашоого сүңгүп кириши биздин күнүмдүк турмушубуздун бир бөлүгүнө айланды деп ойлойм. Смартфонубуздагы акылдуу чат-боттор, автоматтык котормолор, акылдуу издөө системалары аркылуу өзүбүздүн көптөгөн ишибизди жеңилдете алдык. Мисалы, унаабызбы же үй-тиричилик буюмубузбу иштебей калса мүнөздөмөлөрүн ChatGpt акылдуу чат-ботуна жазуу менен анын себептерин дароо билип алсак болот. Билим берүү тармагында болсо жасалма интеллект маалымат издөө, текст талдоо, программа жазуу жана аналитикалык моделдөө процессин кыйла жеңилдетти. Ал эми экономикада жана бизнес чөйрөсүндө жасалма интеллект өндүрүмдүүлүктү жогорулатып, чыгымдарды азайтып, чечим кабыл алууну ылдамдатты.

– Жасалма интеллекттин оң жана терс жактарына токтоло кетсеңиз?

Жасалма интеллекттин эң чоң артыкчылыгы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу. ЖИ чоң көлөмдөгү маалыматты кыска убакыттын ичинде талдап чыгып, так чечим чыгарууга жардам берет. Мисалы, медицинада диагноз коюуну тездетет, бизнесте чыгымдарды азайтат, билим берүүдө жекелештирилген окутууга шарт түзөт. Дагы бир оң жагы катары жеткиликтүүлүк касиетин айтсак болот. Билим, маалымат, аналитикалык инструменттер мурда чектелген адистерге гана тиешелүү болсо, азыр алар кеңири коомчулукка ачык болуп калды. Жаштар дүйнөлүк деңгээлдеги ресурстар менен иштей алат. Жасалма интеллект нейтралдуу инструмент болгону менен анын коомго тийгизген таасири адамдын жоопкерчилигине жараша болот. Ал билимди жеткиликтүү кылышы мүмкүн, экономиканы ылдамдатышы мүмкүн. Бирок туура эмес колдонулса маалыматтык манипуляциянын же көзөмөлдүн куралына айланышы да ыктымал. Ошондуктан технологиялык сабаттуулук менен катар санариптик этика да актуалдуу маселеге айланды. Ал эми терс жактарын айта турган болсок. Биринчиден, эмгек рыногунда структуралык өзгөрүүлөр жүрөт. Айрым кесиптер жоголуп, айрым кесиптер кыскарып, жаңы кесиптер пайда болууда. Эгер, коом жаңы көндүмдөргө ыкчам өтө албаса, жумушсуздук жана социалдык теңсиздик пайда болушу мүмкүн мүмкүн. Экинчиден, маалыматтык коопсуздук жана жеке жашоонун купуялугу деген маселе курчуйт. ЖИ алгоритмдери адамдын жүрүм-турумун божомолдоп, таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Дагы бир терс жагы эгер, адам ар бир суроонун жообун ЖИден гана издеп калса, анда ал өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүн солгундатып алышы мүмкүн. Бул өзгөчө билим берүү тармагында сезилүүдө. Жасалма интеллект жардамчы болушу керек, бирок ал ой жүгүртүүнүн ордун баспашы зарыл. Жасалма интеллект жашообузга сүңгүп кирип алды, эми биз аны аң-сезимдүү башкарууну үйрөнүүбүз керек.

– Сиз эмгектенип жаткан институт IT тармагындагы адистерди даярдоодо. Бүтүрүүчүлөрдүн келечегин кандай көрөсүз?

– Бүтүрүүчүлөрдүн келечеги абдан перспективдүү, бирок ошол эле учурда татаал жана жогорку атаандаштыкка ээ деп эсептейм. Санариптик трансформация глобалдык деңгээлде ылдам жүрүп жататкандыктан жана ЖИ, булуттук технологиялары, киберкоопсуздук жана маалымат аналитикасы сыяктуу багыттар эмгек базарында жаңы стандарттарды аныктоодо. Тактап айтсак, универсалдуу адистердин ордуна терең адистешкен, бирок кеңири түшүнүккө ээ адистер талап кылынууда. Мисалы, азыр жөн гана программист болуу жетишсиз. Аны менен бирге алалгоритмдик ой жүгүртүүнү, маалымат менен иштөөнү, системалык анализди жана бизнес-логиканы түшүнүшү керек. Дагы бир фактор – бул глобализация. Кыргызстандагы IT адиси жергиликтүү рынок менен гана чектелбеши керек. Интернет жана аутсорсинг мүмкүнчүлүктөрү аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгууга шарттар түзүлүүдө. Андан сырткары англис тили, эл аралык стандарттар жана коммуникациялык көндүмдөр заманбап адистин артыкчылыгы болуп эсептелинет. Башкача айтканда, учурдагы программист код жазуучудан системалык ой жүгүрткөн инженерге айлануусу керек. Себеби, кодду ЖИ жазып берип коюп жатпайбы (жылмайып).

-«ОшМУнун заманбап лектору» сынагында 1-орунду ээлегенсиз. Ошол сынактын баалуулугу эмнеде, сизге кандай тажрыйба берди?

«ОшМУнун заманбап лектору», «ОшМУнун заманбап окутуучусу», «Педагогикалык дебют» жана «ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери» сынактары жыл сайын ОшМУнун окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулуп келет. Менин оюмча, бул сынактардын баалуулугу педагогикалык кызматкерлердин чыгармачыл ишмердигин өнүктүрүү, чыгармачыл активдүүлүктү жогорулатуу, инновациялык иштелмелерди жана технологияларды колдоо, окутуучулардын билим берүүчүлүк ишмердигиндеги жетишкендиктерди стимулдаштыруу болуп эсептелинет. Бул сынак мен үчүн жөн гана атаандаштык эмес, чоң профессионалдык мектеп болду. Биринчиден, лекцияга болгон мамилем өзгөрдү: сабак жөн гана маалымат берүү эмес, студенттин ой жүгүртүүсүн өнүктүргөн, тиешелүү компетенцияларды калыптандырган процесс экенин дагы да терең түшүндүм. Экинчиден, инновациялык усулдарды, заманбап санариптик технологияларды системалуу колдонууга түрткү болду. Заманбап санариптик технологиялар формалдуу талап эмес, натыйжалуулукту жогорулатуучу инструмент экенин практика жүзүндө далилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул жеңиш менин жоопкерчилигимди күчөттү. Дайыма жаңыланууну, изденүүнү жана сапатты арттырып турууга шарттады десем болот.

 – Карьера менен үй-бүлөлүк жашоонун балансын кантип сактайсыз?

– Экоонү бирдей баланста кармап туруу убакытты гана бөлүштүрүү эмес, баалуулуктарды туура иретке келтирүү деп ойлойм. Айрыкча биздин билим берүү тармагында жумуш эч качан толук бүтпөйт. Сабак өтүү, илимий изилдөө, макала жазуу, студенттер менен жекече иштөө, долбоорлор менен аракеттенүү сыяктуу нерселер бар. Ал эми кечинде эртеңки сабакка даярдануу. Ошондуктан баланс өзүнөн-өзү түзүлбөйт, аны аң-сезимдүү уюштуруу керек болот. Мен убакытты эмес, энергиямды башкарууга аракет кылам. Иш убактысында максималдуу концентрацияны ишке жумшап, үй-бүлө менен болгон убакытта толук үй-бүлө менен болууга аракет кылам. Биздин карьерада үй-бүлөлүк колдоо болсо профессионалдык өсүүгө күч берет. Жыйынтыктап айтканда карьера менен үй-бүлөнүн ортосунда «же карьера же үй-бүлө» деген тандоо болбошу керек. Туура уюштурулган учурда алар бири-бирин толуктайт деп эсептеймин.

– Ата катары балдарыңызга эң биринчи кайсы баалуулуктарды үйрөтүүгө аракет кыласыз?

– Биринчи кезекте адамдык негизги баалуулуктарды үйрөтүүгө аракет кылам. Анткени билим, кесип же технология убакыт өткөн сайын өзгөрүшү мүмкүн. Бирок ички принциптер адамдын өмүр бою багытын аныктайт. Негизинен ислам дининдеги (шариятыбыздагы) баалуулуктарды жана эрежелерди, чынчылдык жана жоопкерчилик, эмгекчилдик жана тынымсыз үйрөнүү, урмат-сый жана боорукерлик сыяктуу баалуулуктарды үйрөтүүгө аракет кылам. Үй-бүлө тарбиясында конкреттүү кесипти эмес, туура мүнөздү калыптандыруу маанилүү деп ойлойм. Анткени күчтүү мүнөзү бар адам кайсы доор болбосун өз жолун таба алат деп ишенем.

– Жашоодо карманган негизги принциптериңиз кайсылар?

Замандын тез өзгөрүшү адамды дайыма өнүгүүгө мажбурлайт, бирок ички принциптер багыт берип турат. Мен жоопкерчилик, тынымсыз өнүгүү, адилеттүүлүк,чынчылдык жана коомго пайдалуу болуу сыяктуу принциптерди карманып келем.

– Эгер, бүгүн кайра студент болуп калсаңыз эмнени башкача кылмаксыз?

 – Мен эң биринчи кезекте убакытты туура уюштуруудан баштамакмын. Себеби, биз студент болуп жүргөн учурда, азыркы студенттер деле убакытты туура пайдаланышты билбейбиз. Мурда мен убакыт өтөт да деп эсептесем, азыр ошол убакытты пландоо, приоритетти тактоо маанилүү экенин түшүндүм. Ошондуктан өзүмдү дайыма дисциплина менен машыктырып, изилдөөгө жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө көбүрөөк көңүл бөлөр элем. Андан сырткары азыркы студенттерде «Студенттик мобилдүүлүк», «Студенттик ишкердүүлүк», «Студенттик долбоорлор» деген сыяктуу сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Алардан максималдуу түрдө пайдаланмакмын.

Учурда кесибиңиз боюнча кандай иштерди алып барып жатасыз, пландарыныз кандай?

– Негизги ишмердүүлүгүмдү окутуучулук, илимий изилдөө жана санариптик технологияларды билим берүү процессине интеграциялоо багытында жүргүзүп жатам. Техникалык багыттагы PhD докторанттарга жана магистранттарга лекциялык теория менен практиканын байланышын күчөтүү менен сабак берип келем. Айрыкча маалыматтык талдоо, моделдөө жана программалоо инструменттерин активдүү колдонууга басым жасайм. Бүгүнкү студент жана магистрант жөн гана маалымат алуучу эмес, анализ жүргүзгөн жана чечим кабыл алган адис болуп калыптанышы керек деп эсептейм. Илимий багытта болсо Жасалма интеллект жана машиналык окутуунун технологияларын билим берүү процессинде колдонууга ЖОЖдун студенттерин даярдоонун илимий-теориялык негиздерин изилдөө менен шугулданып келем. Учурда бул технологиялардын натыйжалуулугун жогорулатуу, маалыматтарды талдоо аркылуу башкаруу чечимдерин оптималдаштыруу маселелери актуалдуу болуп жатпайбы. Ошондой эле жаш изилдөөчүлөр менен иштешип, алардын академиялык жана практикалык долбоорлорун колдоого аракет кылып келем. 2025-жыл ичинде Scopus базасындагы эл аралык журналдардан беш илимий макалам жарыяланды. Алардын ичинен билим берүү багытындагы бир макала жогорку квартилдеги (Q1) авторитеттүү журналдардын бири болуп эсептелинген ирактык Qubahan Academic Journal журналынан жарыяланды. Ал эми техникалык багыттагы бир макалам дагы (Q1) квартилдеги Parallel Computing илимий журналынан жарыкка чыкты.

  

Пландарыма келсек, билим берүүдө санариптик трансформацияны системалуу деңгээлге чыгаруу максатым бар. Бул планымдын бир бөлүгү катары C# программалоо тили. Алгачкы үйрөнчүктөр үчүн», «Информатика боюнча олимпиадалык маселелердин чыгарылыштары»  жана «Программалоо. Олимпиадага даярдоо боюнча окуу-усулдук колдонмо» деп аталган колдонмолорду кыргыз тилинде даярдап мектеп окуучуларына, мугалимдерине жана ЖОЖдун студенттерине сунуштадым. Айрыкча бир нече авторлоштор менен даярдаган «Информатика боюнча олимпиадалык маселелердин чыгарылыштары» деген чоң көлөмдөгү (475 бет) китебибиз актуалдуу болуп миң даанадан ашуун чыгып републикабыздын көптөгөн аймактарынан (бул жагы Лейлек, ал жагы Жети-Өгүздөн бери) суроо-талап болуп алып кетип жатышты. Жыйынтыктап айтканда мен үчүн кесип жөн гана кызмат эмес, коомго пайдалуу болуунун жолу. Ошондуктан окутуу, изилдөө жана технологиялык өнүгүүнү айкалыштырып, сапаттуу билим берүү аркылуу келечек муундун потенциалын ачууга салым кошууну максат кылам.


 

Маектешкен Зинагул Нуралиева