ОшМУда 8-мартка карата айымдарга сый көрсөтүлдү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда 8-мартка карата айымдарга сый көрсөтүлдү

Image

Бүгүн, 5-мартта Ош мамлекеттик университетинде 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата улуу муундагы 60ка жакын кызматкерге майрамдык сый көрсөтүлдү.

Иш-чарага университеттин ректору Кудайберди Кожобеков катышып, айымдарды келе жаткан майрам менен куттуктады. Аларга ден соолук, бакыт жана ишинде ийгиликтерди каалады. Ректор өз сөзүндө айымдардын университеттин өнүгүшүнө жана жетишкен ийгиликтерине кошкон салымы чоң экенин белгиледи. Майрамдык жолугушууда университеттин кесиптик бирлиги тарабынан атайын белектер тапшырылды.

Эртең, 6-мартта университетте чоң майрамдык иш-чара өтөт. Анда 200гө жакын кызматкерге окуу жайдын медалы, Ардак грамотасы жана Алкыш баракчалары тапшырылып, акчалай сыйлыктар да берилет.

Учурда университетте кызматкерлердин дээрлик көп пайызын айымдар түзөт. Алар окуу жайдын билим берүү, илим, коомдук жана маданий иштерине активдүү катышып келишет.

 

Фото галерея