Ош мамлекеттик университетинин студенттери жаштар ишкерчилигин колдоого багытталган «Студенттик стартап – 2025» республикалык конкурсунда жеңүүчү болду. Натыйжада алар стартап-долбоорлорун ишке ашырууга мамлекеттик гранттарды утуп алышты.
Сынак Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы «Студенттик стартап» пилоттук программасы тууралуу токтомунун негизинде өткөрүлдү. Максаты – жаштардын ишкердик демилгелерин колдоо жана жогорку окуу жайларда инновациялык бизнес-идеяларды өнүктүрүүгө багытталган. Аны Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси уюштурган.
Өтүнмөлөр 2025-жылдын 12-майынан 12-августуна чейин кабыл алынып, өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттеринен жалпы 72 стартап-долбоор сунушталган. Эксперттик комиссиянын жыйынтыгында мыкты делген 14 долбоор финалга чыгып, алардын арасынан жеңүүчүлөр аныкталды. Ош мамлекеттик университетинен да эки стартап-долбоор жеңүүчү деп табылып, мамлекеттик гранттарды утуп алды.
Биринчи долбоор – «Тикенектүү артишокту (Cynara scolymus L.) Кыргызстанда өстүрүү жана андан капсула чыгаруу». Долбоордун гранттык суммасы 790 миң 850 сомду түзөт. Анын алкагында артишок өсүмдүгүн өстүрүп, жалбырактарынан алынган экстракттын негизинде биологиялык активдүү кошумча катары колдонулуучу капсулаларды өндүрүү пландалууда. Долбоорду «ОФД и ФГЗ» кафедрасынын башчысы, QA-инженер Жекшен Маматов, окутуучу, өндүрүш боюнча кызматкер Сымбат Чубакова, аспирант, өндүрүш боюнча кызматкер Руслан Ганыев, окутуучу, маркетолог Рустам Маматов, аспирант, бухгалтер Назпери Раззакова, ассистент-стажёр, Нурсеит Сатаров, студент, өндүрүш боюнча кызматкер Улугбек Мойдинов жана студент, өндүрүш боюнча кызматкер Нурислам Абдираимжан уулу ишке ашырган.
Экинчи долбоор – «Eco түтүктөр». Грант суммасы – 598 миң сом. Бул стартап полиэтилен калдыктарын кайра иштетүү аркылуу курулуш материалдарын, тактап айтканда түтүктөрдү өндүрүүгө багытталган. Долбоор айлана-чөйрөнү коргоо, калдыктарды азайтуу жана жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Долбоорду ишке ашыруучу команда студент, координатору Гүзель Асырасынова, студент, HR Самира Матазимова, студент, бухгалтер Нурсултан Кочкоров, инженер Калыбек Мирлан уулу жана студент, өндүрүш боюнча кызматкер Нурлес Эргешов бар.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана келишимдерге кол коюу аземи 10-мартта «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде өттү. Иш-чарага министр Гүлзат Исаматова, мекеменин директору Чыңгыз Жантаев, эксперттер, ошондой эле өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору жана стартап-командалар катышты.
Аземге ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана Бизнес парктын директору Эрлан Камалов да катышып, студенттердин жетишкендиктерин белгилешти.
Ош мамлекеттик университетинде жаштардын ишкерчилигин өнүктүрүү жана инновациялык идеяларды колдоо иштери Бизнес паркы аркылуу системалуу жүргүзүлүп келет.