ОшМУда логистика боюнча эл аралык эксперттер конок лекция өтүштү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда логистика боюнча эл аралык эксперттер конок лекция өтүштү

Image

10-мартта Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда логистика тармагындагы эл аралык эксперттердин катышуусунда конок лекция уюштурулду.  

Иш-чарага Борбордук Азия логистикалык институтунун (CALI) негиздөөчүсү жана президенти Денни Чо, Learn Logistics компаниясынын башкаруучу директору, Kuehne Foundation фондунун өкүлү Андре Крайе, ошондой эле программанын улук менеджери Эмир Кулов катышты.

Лекциянын жүрүшүндө эксперттер студенттерге логистика жана жеткирүү чынжырларын башкаруу тармагындагы заманбап тажрыйбалары менен бөлүштү. Алар инновациялык ыкмалар тууралуу да маалымат беришти. Ошондой эле дүйнөлүк логистика тармагындагы акыркы тенденциялар, жаңы технологиялар жана бул багыттагы билимдин маанисине токтолушту. 

Жолугушууда Борбордук Азиянын логистикалык институтунун ишмердүүлүгү тууралуу да маалымат берилди. Бул билим берүү борбору логистика, жеткирүү чынжырларын башкаруу жана IT-билим берүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу максатында түзүлгөн.

Институттун окутуучулары өз тармагындагы тажрыйбалуу адистер болуп саналат. Алар студенттер теориялык билим менен катар практикалык тажрыйба жана кесиптик көндүмдөрдү үйрөтүүгө өзгөчө көңүл бурушат. Институт аркылуу студенттер  эл аралык деңгээлдеги билим алып, Heriot-Watt University университетинин дипломун алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.