Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун окумуштууларынан турган топ Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чоң-Кааты дарыясында геоэкологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүштү.
Изилдөө “МТБ Инженеринг Групп” ЖЧКсынын өтүнүчү менен пландалып жаткан “Сар-Бээ” кичи гидроэлектр станциясын курулушуна байланыштуу жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө дарыянын геоэкологиялык абалы комплекстүү талдоого алынды. Тактап айтканда жер кыртышы, гидрологиялык өзгөчөлүктөрү, климаттык шарттары, ошондой эле дарыянын жээгинде жана суусунда жашаган тирүү организмдер изилденди. Анын ичинде жээк бойлоп өскөн өсүмдүктөр, омурткасыз жана омурткалуу жаныбарлар, гидробиологиялык абал каралды.
Мындан тышкары ихтиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, дарыядагы балык фаунасынын абалы талданды. Жыйынтыгында Чоң-Каатыда балык түрлөрү кездешпей турганы аныкталды.
Жүргүзүлгөн гидробиологиялык жана ихтиологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында адистер Чоң-Кааты дарыясында кичи гидроэлектр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу экологиялык жактан мүмкүн экенин белгилешти. Ошондой эле долбоорду ишке ашырууда экологиялык талаптарды так сактоо зарыл экени айтылды.
“МТБ Инженеринг Групп” ЖЧКсы Чоң-Кааты дарыясында курууну пландап жатат.