Усенбаев Эсенбай (некролог)

Башкы Жаңылыктар

Усенбаев Эсенбай (некролог)

Image

(25.10.1956 – 19.07.2021)

Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинин музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хордо дирижерлөө кафедрасында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген Усенбаев Эсенбай  19-июлда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Усенбаев Эсенбай 1956-жылы 25-октябрда Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Зергер айылында карапайым жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1963-жылы Өзгөн шаарындагы Ю.А. Гагарин атындагы мектеп-интернатында билим алган. 1971-жылы Оштогу Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайынын хорду дирижерлөө адистигине тапшырып, 1975-жылы бүтүргөн.

1975-1981-жылдары Кара-Кулжа районунун балдар музыкалык мектебинде эмгектенген. 1981-1985-жылдары Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун  өздүк көркөм чыгармачылык хорунун жетекчиси адистигин ийгиликтүү аяктаган.

1985-жылдан баштап Кара-Кулжа районунун борборунда уюшулган “Тоо булагы” ыр жана бий ансамблинин хормейстери, көркөм жетекчиси болуп иштөө менен бирге Кара-Кулжа райондук балдар музыкалык мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

1985-жылы Москва шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштардын жана студенттердин фестивалынын дипломаты деген номинациясына ээ болгон. 1993-жылы КРнын “Эл агартуусунун мыктысы” төш белги,  1995-жылы Манас эпосунун 1000 жылдыгына карата облустук сынакта Маданият башкармасынын I даражадагы диплому жана “Манас эпосуна-1000 жыл” аттуу  эстелик медалы менен сыйланган.

1996-жылдан баштап ОшМУнун Искусство факультетинин музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хордо дирижерлөө кафедрасында ритмика жана хореография сабагы боюнча окутуучу, 2004-жылдан ага окутуучу болуп эмгектенген. 2008-жылы “ОшМУнун мыкты усулчусу”, 2009-жылы ОшМУнун студенттеринин арасында өткөрүлгөн “ОшМУнун жазы” таланттуулар фестивалында дүйнө элдеринин бийлерин мыкты чеберчиликте жетектеген бийчилер тобу наамына ээ болгон. Бир нече жолу ОшМУнун “Ардак грамоталары” менен сыйланган.

Устат агайыбыздын жаркын элеси аны менен бирге иштеген кесиптештеринин, окуткан студенттеринин, окуучулардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Усенбаев Эсенбай агайдын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

ОшМУнун ректораты, Кесиптик кошуну, профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер