Бишкек шаарында өткөн жогорку окуу жайлар аралык универсиадада Ош мамлекеттик университетинин кыз-келиндер курама командасы мыкты оюн көрсөттү. Жыйынтыгында командалык эсепте үчүнчү орунду камсыз кылды.
Жеке эсепте окуу жайдын өкүлү Гүлзат Эсеналиева бардык атаандаштарын жеңип, чемпион болду.
Мелдеш Швейцария системасы менен өткөрүлүп, жыйынтык катышуучу командалардын топтогон упайларынын негизинде чыгарылды. Команданы машыктыруучу, улук окутуучу Мирбек Рахманов даярдап барган.