Ош мамлекеттик университетинде тикенектүү артишок өсүмдүгүн өстүрүп, андан биологиялык активдүү кошумча (БАД) өндүрүүгө багытталган стартап-долбоор иштелип чыкты. Долбоор «Студенттик стартап – 2025» республикалык сынагында жеңишке жетип, 790 миң 850 сом грантка ээ болду.
Идея кантип жаралды? Артишоктун пайдасы эмнеде? Рынокто атаандаштыкка туруштук бере алабы? ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн долбоордун мүчөсү Нурсейит Сатаров менен маектештик.
Маалымат үчүн: аталган долбоорду фармацевтикалык ишти уюштуруу жана фармакогнозия кафедрасынын жамааты ишке ашырууда.
![]()
— Алгач өзүңүздү кененирээк тааныштырып өтсөңүз?
— Мен Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин фармацевтикалык ишти уюштуруу жана фармакогнозия кафедрасында ассистент-стажёр болуп иштейм. Студент кезимден бери эле илимий изилдөөлөргө кызыгып келем. Айрыкча элдик медицина, табигый азыктар жана алардын адам организми үчүн пайдасы мен үчүн кызыктуу тема болгон. Илимге болгон кызыгуум конференцияларга катышуудан башталган. Кийин изилдөөлөргө аралашып, акырындык менен стартап долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк жаралды. Бул артишок боюнча долбоор ошол изденүүлөрдүн жыйынтыгы десем болот. Стартап-долбоорду былтыр 5-курсумда ошол учурда 4-курста окуп жаткан студент, өндүрүш боюнча кызматкер Улугбек Мойдинов менен биргеликте окутуучуларыбыздын колдоосу менен жазганбыз.
— Артишок өсүмдүгү боюнча идея кантип жаралды? Бул жөн гана студенттик идеябы же чоң илимий негиз барбы?
— Бул идея гана эмес, илимий негизге таянган долбоор. Кафедранын окутуучусу, долбоордун өндүрүш боюнча кызматкери Сымбат Чубакованын илимий иши артишок өсүмдүгүнө байланыштуу. Бирок биз аны кафедра башчынын жетекчилик астында бизнес идея катары иштеп чыкканбыз.
— Долбоорду ишке ашырууда эң биринчи кандай кыйынчылыктар болду?
— Эң негизги кыйынчылык бул өсүмдүк биздин климатта өспөйт деген жалпы түшүнүк. Ошондуктан алгач теориялык жана практикалык жактан далилдөө керек болду. Уруктарды табуу, климатка ылайыкташтыруу, агротехникалык шарттарды түзүү. Мындан тышкары стартап жазуу, каржылоо табуу, конкурс этаптарынан өтүү дагы өзүнчө чоң тажрыйба болду.
![]()
– Сынакка катышуу кандай өттү?
– Биз окуу жайдын Бизнес паркы аркылуу маалымат алып, документтерди даярдап тапшырдык. Биринчи турда идея бааланды. Экинчи турда онлайн форматта долбоорду коргодук. Үчүнчү турда финалга чыгып, жыйынтыгында «Студенттик стартап – 2025» республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн катарына кирдик. Жалпы 72 долбоор катышып, алардын ичинен 14ү гана финалга өткөн. ОшМУдан эки долбоор жеңүүчү болгондугу биз үчүн чоң сыймык.
![]()
– Грант утуп алуу сиздер үчүн эмнени өзгөрттү?
– Бизге чоң мүмкүнчүлүк берди. 790 миң 850 сом грант биздин идеяга болгон ишенимдин көрсөткүчү. Азыр бул каражатка керектүү техникалык жабдууларды алып, өндүрүш процессин баштоого даярданып жатабыз.
![]()
– Артишоктун медициналык өзгөчөлүктөрүнө токтолсоңуз. Эмне үчүн дал ушул өсүмдүк тандалды?
– Артишок дүйнөлүк медицинада кеңири колдонулат. Ал боорду тазалоодо, зат алмашууну жакшыртууда, организмдеги токсиндерди чыгарууда эффективдүү. Биздин учурда ал БАД катары сунушталат. Кыргызстанда мындай продукттар чет өлкөдөн келет. Биз болсо ошол эле сапаттагы, бирок жергиликтүү жана жеткиликтүү продукт чыгарууну максат кылдык.
– Бул долбоордун башка долбоорлордон айырмачылыгы кандай?
– Бул өсүмдүк Кыргызстанда биринчи жолу өсүрүлүп жатат. Жогоруда айтып кеткендей негизги биологиялык активдүү кошулмалар (БАД) чет өлкөдөн келет. Ошого байланыштуу Кыргызстандын аймагында өстүрүлүп жана акыркы продукт капсула формасында чыккан биринчи биологиялык активдүү кошулмалардан болуп саналат.
![]()
— Өсүмдүктү өстүрүү процесси кандай жүрөт?
— Бул жерде жөн гана өстүрүү эмес, илимий негизде өстүрүү маанилүү. Биз апрель айында эгип, сентябрга чейин өстүрөбүз. Дал ушул мезгилде өсүмдүктөгү биологиялык активдүү заттар максималдуу деңгээлге жетет. Жалбырактарын белгилүү стандарттар боюнча жыйнап, андан экстракт алабыз. Андан кийин фармацевтикалык технология аркылуу капсула даярдалат. Университеттин ботаникалык багынан кафедрага берилген сегиз сотых жерди пайдаланып жатабыз. Уруктарды Өзбекстан жана Орусиядан алып келгенбиз. Учурда аларды бөлмө шартында өстүрүп, көчөт кылып даярдадык. Ботаникалык бактагы жерди даярдап жаңы эле отургузуп келдик. Биз өсүмдүктүн жарымын көчөт түрүндө, жарымын урук түрүндө септик.
![]()
— Продукт рынокко чыкканда атаандаштыкка туруштук бере алабы?
— Ооба, анткени биздин негизги артыкчылыгыбыз жергиликтүү өндүрүш. Баасы жеткиликтүү болот. Мындан тышкары Кыргызстанда биринчи жолу өндүрүлүп жаткандыктан, бул рынокто жаңы продукт болуп саналат. Сатуу жана жайылтуу багытында да ар тараптан карап жатабыз. Кафедранын фармацевтикалык компаниялар менен түзүлгөн келишимдери бар. Ошол өнөктөштөр аркылуу продукцияны рынокко чыгарууну пландап жатабыз. Эгер, баары пландалгандай ишке ашса, бул чакан стартаптан чоң өндүрүшкө айланышы мүмкүн. Биз бир гана артишок менен чектелбейбиз. Кийинки этапта Кыргызстанда өндүрүлбөгөн башка биологиялык активдүү кошумчаларды чыгарууну көздөп жатабыз.
— Сиздин жеке илимий максаттарыңыз кандай?
— Мен элдик медицинадагы табигый продукттарды илимий жактан негиздеп, медицинага киргизүүнү каалайм. Мисалы, койдун майы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келем. Келечекте аны да фармацевтикалык продукт катары иштеп чыгуу пландарым бар. Анткени койдун майы биздин элде элдик медицинада кеңири колдонулуп келет.
![]()
— Жаш студенттерге кандай кеңеш берет элеңиз?
— Идеядан коркпош керек. Кээде эң жөнөкөй көрүнгөн идея чоң долбоорго айланышы мүмкүн. Эң негизгиси аракет жана изденүү керек. Университет берген мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу керек. Долбоор менин илимге, өлкөмө жана келечекке болгон салымым. Эгер, бул долбоор ийгиликтүү ишке ашса, Кыргызстанда фармацевтика тармагына чоң салым кошот деп ишенем.
Маектешкен Зинагул Нуралиева