ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин табигый илимдер жана математика кафедрасынын окутуучусу Рахим Баатыров Жапониянын Фукуока шаарындагы Кюсю университетинин колдонмо механика изилдөө институтунда илимий сапарда болду.
Ал SATREPS эл аралык долбоорунун алкагында кыска мөөнөттүү окутуудан өтүп, атмосфералык химия жана абанын булганышын моделдөө боюнча жаңы практикалык көндүмдөрдү өздөштүрдү. Программа учурунда университеттин профессору Кэйя Юмомото WRF-Chem модели аркылуу абанын сапатын изилдөө ыкмаларын көрсөттү.
Окутуунун жүрүшүндө Баатыров моделдин түзүлүшүн үйрөнүп, сандык эсептөөлөрдү жүргүзүп, алынган жыйынтыктарды Python программасы аркылуу визуалдаштырды.
SATREPS долбоору Жапония өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Долбоор атмосфералык абанын сапатын изилдөө жана анын адам ден соолугуна тийгизген таасирин баалоого багытталган.
Учурда Кюсю университетинде ОшМУнун дагы бир өкүлү – профессор Абдыкерим Курбаналиев узак мөөнөттүү окутуудан өтүп жатат.