Ош шаардык мэриясы ОшМУнун ENACTUS командасына акчалай сыйлык тапшырды

Башкы Жаңылыктар

Ош шаардык мэриясы ОшМУнун ENACTUS командасына акчалай сыйлык тапшырды

Image

«Expo жаштар стартаптары – 2026» улуттук сынагында өлкө чемпиону болгон Ош мамлекеттик университетинин ENACTUS командасына Ош шаардык мэриясы тарабынан 50 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык ыйгарылды.

Сыйлык сертификатын бүгүн, 10-июнда Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова тапшырып, команданын мүчөлөрүн жана алардын насаатчыларын жетишкен ийгилиги менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө жаштардын инновациялык идеяларын колдоо, ишкерлик демилгелерин өнүктүрүү жана коомдук көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу мамлекеттин жана жергиликтүү бийликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ошондой эле ENACTUS командасынын жеңиши Ош шаарынын жана жалпы эле түштүк аймагынын жаштарынын потенциалын көрсөтүп турганын айтып, келечекте дагы эл аралык жана республикалык деңгээлдеги ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары  Ош шаардык мэриясы жогорку жана орто окуу жайлар арасында өткөн «Жалындуу жаштар» долбоорунун жеңүүчүлөрүн сыйлады. Төрт баскычтан турган сынакта эң көп упай топтогон Ош мамлекеттик университети биринчи орунду ээлеп, 50 миң сомдук сертификатка ээ болду.

 

Фото галерея