25–27-март күндөрү Ош мамлекеттик университети менен Фергана мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтык келишиминин алкагында аталган окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттеринен турган делегация иш сапары менен келди.
Иш сапардын жүрүшүндө ФерМУнун окутуучулары Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда конок лекцияларды өтүштү. Ал эми студенттер сабактарга катышып, эки окуу жайдын жаштарынын ортосундагы тажрыйба алмашууга жана маданий байланыштарды чыңдоого багытталган иш-чараларгакүбө болушту.
ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров менен болгон жолугушууда тараптар кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү жана биргелешкен билим берүү, илимий долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Бул иш сапар эки жогорку окуу жайдын ортосундагы билим берүү жана илим тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө, ошондой эле окутуучулар менен студенттердин ортосундагы тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө өбөлгө түздү.