Ош мамлекеттик университетинин “Курбу-Таш токой” долбооруна Түштүк Кореянын Данвит фондунун өкүлдөрү кызыгуу билдиришти. Алар 25-мартта Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө жайгашкан долбоор менен жеринде таанышты.
Аларга окуу жайдын Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар консалтинг борборунун директору Абдижапар Аккулов Кыргызстандагы акыркы жылдардагы геологиялык коркунучтар, жаратылыш кырсыктары жана экологиялык көйгөйлөр тууралуу маалымат берди. Ошондой эле долбоордун ишке ашырылышы боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу кеңири баяндады.
Тараптар Түштүк Кореянын окумуштуулары жана адистери менен биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, заманбап технологияларды колдонуу аркылуу жаратылыштагы процесстерди комплекстүү баалоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жыйынтыгында Данвит фондунун өкүлдөрү бул багытта кызматташууга кызыктар экенин билдиришти.
“Курбу-Таш токой” долбоору 2017-жылы ОшМУ тарабынан ишке ашырылган. Долбоордун алкагында Өзгөн районунун Жалпак-Таш аймагында жер көчкүдөн жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү максатында агро-токой мелиорация жана биорекультивация иштери жүргүзүлгөн.