ОшМУнун медициналык колледждерине кабыл алуунун 2-туру башталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун медициналык колледждерине кабыл алуунун 2-туру башталды

Image

Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжине жана Өзгөн эл аралык колледжине башталган кабыл алуунун 2-туру 28-июлда 4-авгуска чейин уланат.  5-6-7-август  күндөрү кабыл алуу экзамендери жүрөт. Кабыл алуудан өткөн абитуриенттер 10-11-12-август күндөрү документтерин тапшырат.

Ал эми жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жүрүп жаткан кабыл алуунун 3-туру  28-июль, саат 14-00дө жыйынтыкталат.  

Кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү WhatsApp  байланыш номеринен биле аласыздар 0770 111110.