Ректор Кудайберди Кожобеков Кытайдагы эл аралык форумга катышууда

Башкы Жаңылыктар

Ректор Кудайберди Кожобеков Кытайдагы эл аралык форумга катышууда

Image

Ушул күндөрү Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ректору Кудайберди Кожобеков Кытайда өтүп жаткан дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин ректорлорунун эл аралык форумуна катышууда.

Иш-чара Сиань Цзяотун университетинин Синцин кампусунда уюштурулуп, ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жогорку окуу жайлардын ректорлору жана өкүлдөрү чогулду. 6-апрелде Кудайберди Кожобеков Жибек жолу университеттер альянсынын аткаруу кеңешинин жыйынына катышты.

Ал күнү ректор Сиань Цзяотун университети менен ОшМУнун кызматташтык тууралуу меморандумуна да кол койду. Макулдашууга ылайык, алдыда студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүк программалары ишке ашырылат. Мындан тышкары тажрыйба алмашуулар, семинарлар, илимий конференциялар уюштурулуп, биргелешкен изилдөөлөр жүргүзүлөт. Ошондой эле илимий материалдар менен алмашуу, инновациялык долбоорлорду иштеп чыгуу каралган.

Аталган форумдун алкагында жасалма интеллекттин жогорку билим берүүгө тийгизген таасири, ошондой эле окуу жайлардын глобалдык башкарууга катышуусу сыяктуу актуалдуу темалар талкууланууда. Иш-чара тажрыйба алмашууга, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана билим берүү тармагындагы жаңы багыттарды аныктоого багытталган.

Форум 6-апрелде башталып, 9-апрелге чейин уланат. Жолугушуу Сиань Цзяотун университетинин 130 жылдык мааракесине карата уюштурулууда.

 

Фото галерея