ОшМУнун жети билим берүү программасы эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун жети билим берүү программасы эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өттү

Image

Эл аралык мамилелер жана санариптик дипломатия, англис тили (котормо жана котормо таануу боюнча кошумча адистик менен), бажы иши, электр энергетикасы жана электротехника, агрономия, ашпозчу жана кондитер, программалык камсыздоону иштеп чыгуу багыттары Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан ийгиликтүү аккредитациядан өттү.

Аккредитациялоо иштери 13–14-апрелде агенттиктин эксперттик комиссиясы тарабынан жүргүзүлдү. Анын алкагында университеттин материалдык-техникалык базасы, билим берүү процессинин уюштурулушу, жеткиликтүүлүгү, сапаты бааланды. Мындан тышкары билим берүү стандарттарынын аткарылышы, окуу-методикалык камсыздоо, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар да кылдат каралды.

Жыйынтыгында тышкы эксперттик комиссиянын чечими менен аталган программалардын аккредитациядан ийгиликтүү өткөнү тастыкталды.

Фото галерея